Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын эксперттик тобунун отуруму болуп өттү
2022-жылдын, 28 декабрь

2022-жылдын 28-декабрында ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын алкагында онлайн форматта “Репродуктивдүү саламаттыкты сактоо жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун биринчи отуруму болуп өттү.

Жыйынга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин, тиешелүү министрликтеринин эксперттери жана ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

Жыйынды Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов мырза ачып, Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын катчысы Эмин Гасанов мырза жыйынды алып барды. Алгач моделдик мыйзамдын долбоорун Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Аппаратынын социалдык маселелер боюнча мыйзам чыгаруу бөлүмүнүн башчысы Адил Валиев мырза сунуштады. Презентациядан кийин уюмга мүчө мамлекеттердин эксперттери бул маселе боюнча өз ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

Жыйындын соңунда катышуучулар кезектеги отурумду 2023-жылдын 23-январында онлайн форматта өткөрүүнү макулдаш

Жаңылыктардын тартиптелиши
Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын эксперттик тобунун отуруму болуп өттү
2022-жылдын, 28 декабрь
(Бул баракчадагы жаңылык)