ТҮРКПА 20-январь шейиттеринин элесин эскерди
2023-жылдын, 19 январь

2023-жылдын 19-январында ТҮРКПА Катчылыгынын дипломатиялык кызматкерлери 1990-жылдын 20-январындагы трагедиясында курман болгондордун элесин эскерүү үчүн Шейиттер аллеясына барышты.

Шейиттердин мүрзөсүнө гүл коюу менен башталган азем Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулду.