ТҮРКПА Үчүнчү терроризмге каршы күрөшүү боюнча координациялык жыйынына жана парламенттик саясат боюнча диалогго катышты
2023-жылдын, 30 январь

2023-жылдын 30-31-январында ТҮРКПАнын делегациясы Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы күрөшүү боюнча кеңсеси (БУУ ТКК), ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы жана Катар мамлекетинин Шурасы менен биргелешип Доха шаарында уюштурган Парламенттик Ассамблеялардын Терроризмге каршы күрөшүү боюнча координациялык жыйынына жана чек ара коопсуздугу боюнча парламенттик саясат диалогуна катышты. Иш-чарага 16 эл аралык парламенттик ассамблеянын өкүлү катышып, терроризмге каршы күрөшүү боюнча учурдагы тенденцияларды жана аракеттерди биргелешип карап чыгууга көмөктөштү.

Катар Мамлекетинин Шура Кеңешинин Төрагасы Хассан бин Адулла Аль-Ганим мырзанын, Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы күрөшүү боюнча кеңсесинин мүдүрүнун орун басары Мауро Миедико мырзанын жана ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын комитетинин төрагасы жана вице-президенти Рейнхольд Лопатка мырза ачылыш сөздөрүндө терроризмге каршы күрөшүү жалпы күн тартибинин маселеси катары каралды. Ийгиликке жетүү үчүн тараптардын баары биргелешип иш алып барышы зарыл экени баса белгиленип, бул контекстте парламенттик ассамблеялардын ар тараптан маанилүүлүгүнө көңул бурулду.

Парламенттер аралык Биримдик, Араб Парламенти, Африка Парламенттик Биримдиги, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы, Латын Америкасы жана Кариб деңизинин Парламенти, Жер Ортолук деңизинин Парламенттик Ассамблеясы жана Кара деңиз Экономикалык Кызматташтыгынын Парламенттик Ассамблеясы сыяктуу ар кандай регионалдык жана глобалдык парламенттик ассамблеялардын өкүлдөрү ТҮРКПА менен биргеликте артыкчылыктуу багыттарды, эл аралык ченемдик укуктук базаны жакшыраак түшүнүү мүмкүнчүлүгүн жана келечектеги мүмкүн болгон биргелешкен демилгелерди талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө ТҮРКПА делегациясы Ассамблеянын миссиясы жана милдеттери, ошондой эле анын алкагында бул маселе боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу иш-чаранын катышуучуларына маалымат берди.

Эки күндүк иш-чаранын алкагында Башкы катчынын орун басары Фуад Алакбаров мырза менен Комиссиянын катчысы Кадир Яман мырза эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жаңылыктардын тартиптелиши
ТҮРКПА Үчүнчү терроризмге каршы күрөшүү боюнча координациялык жыйынына жана парламенттик саясат боюнча диалогго катышты
2023-жылдын, 30 январь
(Бул баракчадагы жаңылык)