Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссия Эксперттик топтун отурумдарын өткөрдү
2023-жылдын, 7 февраль

2023-жылдын 7-февралында “Репродуктивдүү саламаттыкты сактоо жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Эксперттик топ үчүнчү онлайн жыйынын өткөрдү. ТҮРКПАнын 2023-2028-жылдарга стратегиялык жол картасына ылайык Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын алкагында “Репродуктивдүү саламаттыкты сактоо жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоору иштелип чыкты.

Мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн турган Эксперттик топ жана Катчылык Моделдик мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча онлайн форматында үч жыйын өткөрдү. Жыйындар документтин долбоорун талкуулоого жана пикир алмашууга арналды. Топ 2023-жылдын 6-мартында Баку шаарында Айлана чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын кезектеги отурумунда карала турган моделдик мыйзамдын долбоорун жыйынтыктады.