Түркиянын “Маариф” фондунун Азербайжандагы өкүлү Катчылыкка келди
2023-жылдын, 23 февраль

2023-жылдын 23-февралында Түркиянын “Маариф” фондунун Азербайжандагы өкүлү док. Сердар Гүндоган ТҮРКПАнын Катчылыгына келип, Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Гүндоган мырза Азербайжан Республикасынын борбор шаары Бакуда курулган Эл аралык Маариф мектептери тарабынан сунушталган кызматтар жана социалдык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди.

Башкы катчы Эр мырза Түркиянын “Маариф” фондунун адамзаттын жалпы билимине жана Анадолудагы байыркы акылмандык салтына негизделген мектептери менен таанылганын белгилеп, доктор Сердар Гүндоганды Түркия “Маариф” фондунун Азербайжандагы өкүлү кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктады.

Түркиянын чет өлкөлөрдөгү терең тамырлуу билим берүү тажрыйбасын бөлүшүп, мектептери жана университеттери дүйнөнүн 67 өлкөсүндө иштеп, 49 823 окуучуга билим алуу мүмкүнчүлүгүн берген “Маариф” фондунун бир бөлүгү болгон “Маариф” Азербайжан эл аралык мектептери 2022-жылдын 25-августунда түзүлгөн.

Фонд билим берүү дипломатиясынын бир кадамы катары Түркиянын сектордогу таасирин кеңейтүүнү көздөп, борбор шаар Бакудан кийин эле Азербайжандын ар башка шаарларында билим берүү мекемелерин ачуу аракетин улантуу менен бир нече жылда маанилүү дүйнөлүк брендге айланды.