ТҮРКПА КМШ ПААнын 55-пленардык отурумуна катышты
2023-жылдын, 14 апрель

ТҮРКПА КМШ ПААнын 55-пленардык отурумуна катышты

Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр 2023-жылдын 14-апрелинде Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА) 55-пленардык отурумуна катышты.

Пленардык отурумга КМШ ПААга мүчө өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Пленардык отурумдун негизги темасы “Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин экология жана айлана-чөйрөнү башкаруу жаатындагы укуктук базасын өркүндөтүү” болду. Күн тартибинде КМШ ПААнын туруктуу комиссиялары өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн тармактары боюнча даярдаган отчетторду жана сунуштамаларды, ошондой эле бир нече моделдик мыйзамдарды кабыл алуу каралды.

55-пленардык отурум сыйлыктарды тапшыруу аземи менен уланып, КМШ ПАА Кеңешинин мүчөлөрүнүн пресс-конференциясы менен аяктады.