Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлдү
2022-жылдын, 28 сентябрь

2022-жылдын 28-сентябры - 2-октябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр баштаган делегация Түркия тарабынан Бурса провинциясынын түндүк-чыгышында жайгашкан жана биздин заманга чейинки 4-кылымга таандык болгон байыркы шаарлардын бири болгон Изник шаарында "Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!" деген ураан менен уюштурулган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышты.

Ачылыш аземинде Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган мырза, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров мырза, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар мырза, Татарстандын Президенти Улуу Мартабалуу Рустем Минниханов мырза, Гагауз автономиялуу областынын Президенти Ирина Влах мырза, Казакстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов мырза, Азербайжандын Жаштар жана спорт министри Фарид Гайыбов мырза, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов мырза, Түркиянын Жаштар жана спорт министри, доктор Мехмет Касапоглу мырза, Өзбекстандын Маданият жана спорт министри Адхам Икрамов мырза, ТМУнун Аксакалдар Кеңешинин Төрагасы Бинали Йылдырым мырза, Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын Президенти Нежметтин Билал Эрдоган мырза, ошондой эле Түрк кызматташтыгы уюмдарынан Түрк мамлекеттердин уюмунун Башкы катчысы Багдад Амреев мырза, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев мырза, Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Гүнай Эфендиева айым, Эл аралык түрк академиясынын Президентинин милдетин аткаруучу, доктор Физули Мажидли мырза жана дүйнө өлкөлөрүнүн жогорку даражалуу кызмат адамдары катышты.

Салтанаттуу ачылыш аземи Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган мырзанын сөз сүйлөөсү менен башталды. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кызматташтыкты чыңдоо аянтчасы катары маанисин баса белгилеген Президент Режеп Тайып Эрдоган тынчтык жана тилектештикке негизделген оюндар маданий дипломатиянын өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Иш-чарага 102 өлкөдөн кеминде 3000 спортчу катышты. Көчмөндөрдүн маданий жана тарыхый мурастарын сактоого жана жайылтууга кызмат кылган оюндар программасы көк бөрү, салттуу жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу, мас-рестлинг, ашыртмалы аба күрөшү, май күрошү, күрөш, пахлавани, атыш жана башка ар кандай салттуу мелдештерди камтыган.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрда Изник шаарында салтанаттуу жабылуу аземи менен жыйынтыкталды. Кийинки V Көчмөндөр оюндарын Казакстанда өткөрүү чечими кабыл алынды. Жабылыш аземинде Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу келерки V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 2024-жылы Казакстанда өтөөрүн билдирген Казакстандын Маданият жана спорт министри Даурен Абаевге суу менен толтурулган кумураны тапшырды.