ТҮРКПА КДЭКУПАнын 60-пленардык отурумуна катышты
2022-жылдын, 8 декабрь

2022-жылдын 8-9-декабрында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Белградда Сербия Республикасынын Улуттук Ассамблеясы тарабынан өткөрүлгөн Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (КДЭКУПА) 60-пленардык отурумуна байкоочу катары катышты.

Пленардык отурумга КДЭКУПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары, ошондой эле байкоочу жана конок делегациялары катышты.

Ачылыш аземинде КДЭКУПАнын Президенти, Сербия Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Владимир Орлич мырза, Тышкы саясат жана коопсуздук боюнча Биринчи вице-премьер-министр, Сербия Республиканын Тышкы иштер министри Ивица Дачич мырза жана КДЭКУПАнын Башкы катчысы Асаф Гаджиев мырза сөз сүйлөштү.

Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр отурумдун жүрүшүндө “Кара деңиз аймагындагы экономикалык өсүштү стимулдаштырууда парламенттердин жана парламенттер аралык кызматташтыктын ролу” темасында сөз сүйлөдү.

Күн тартибиндеги маселелерге КДЭКУПАнын комитеттеринин отчетторун жана сунуштамаларын кабыл алуу, ошондой эле КДЭКУнун, ага тиешелүү органдардын жана сектордук диалог боюнча өнөктөштөрдүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүү кирген.

Пленардык отурумдун соңунда КДЭКУПАга төрагалык кылуу укугу Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынына өткөрүлүп берилди. Жабылыш аземинде КДЭКУПАнын Президенти, Сербия Республикасынын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Владимир Орлич мырза сөз сүйлөп, КДЭКУПАдагы төрагалыгын Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп мырзага тапшырды.

Түрк Парламентинин Торагасы сөз сүйлөп, бардык катышуучуларды 2023-жылдын май айында Түркияда болуп өтө турган кезектеги КДЭКУПАнын Башкы Ассамблеясына катышууга чакырды. Шентоп мырза Орлич мырзага КДЭКУПАнын ишмердүүлүгүнө кошкон салымы үчүн КДЭКУПАнын Ардак медалын тапшырды.