ТҮРКПА Эл аралык Түрк академиясынын иш-чарасына катышты
2022-жылдын, 15 декабрь

2022-жылдын 15-декабрында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартиратынын колдоосу менен Эл аралык Түрк академиясы тарабынан ЮНЕСКОго мүчө мамлекеттердин улуттук комиссиялары менен биргеликте “Түрк тилдер күнүнүн” алкагында уюштурулган “Түрк цивилизациясы жана глобалдык маданият: Элтериш Кутлуг Кагандын жазуу эстелиги” аттуу эл аралык форумга катышты.

Эки күндүк форумга ЮНЕСКОнун алдындагы туруктуу өкүлдөр, мүчө мамлекеттердин жана Монголиянын элчилери, Түрк кызматташтык уюмдарынын жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмесинин (CICA), Ислам тарыхын, искусствосун жана маданиятын изилдөө борборунун (IRCICA), Түркиянын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясы сыяктуу мекемелердин жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле дипломатиялык корпустун, академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жана белгилүү окумуштуулар катышты.

Форумдун спикерлери Элтериш Кутлуг Каганга таандык деп эсептелген археологиялык табылгалардын түркология тармагындагы чоң илимий жетишкендик катары маанисин баса белгилешти.

Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр өз сөзүндө кесиптеши Шахин Мустафаевди Эл аралык Түрк академиясынын Президенти кызматына дайындалышы менен дагы бир жолу куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Башкы катчы Түрк дүйнөсүнүн цивилизацияга кошкон салымынын маанисине токтолуп, бул контекстте түрктөрдүн тарыхый жана маданий мурастарын изилдөө, сактоо жана дүйнөгө жайылтуу азыркы муундун милдети жана мезгил талабы экенин баса белгиледи.

Форум “Түрк цивилизациясынын жазма маданияты: Элтериш Кутлуг Каган” жана “Глобалдык дүйнөдөгү түрк тилдери: сактоо жана өнүктүрүү маселелери” аттуу эки панелдик сессияны камтыган.

Иш-чаранын алкагында Номгон өрөөнүндөгү археологиялык казуулар учурунда тартылган фотосүрөттөрдүн көргөзмөсү да уюштурулду.

Форумдун алкагында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр АӨСШКнын Башкы катчысы Кайрат Сарыбай менен жолугушту. Сарыбай мырза Мехмет Сүрейя Эр мырзага АӨИЧКнын 30 жылдыгына карата юбилейлик грамота тапшырды.

Иш-чаранын соңунда ЭТА тарабынан маданий программа уюштурулду.

Программада казакстандык коомдук жана саясий ишмер, Түркстан автономиясынын идеологу Мустафа Шокайдын үйүнө, ошондой эле белгилүү азербайжандык саясатчы, мурдагы тышкы иштер министри жана Азербайжан Республикасынын Парламентинин Төрагасы Алимардан Бей Топчубашовдун көрүстөнүнө зыярат кылуу камтылган.