Анкарада ТМУнун кезексиз Саммити өттү
2023-жылдын, 16 март

2023-жылдын 16-мартында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Түрк мамлекеттер уюмунун “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам” темасындагы кезексиз саммитине катышты. Саммитке Азербайжан Республикасынын демилгеси менен Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан, Түркмөнстан Республикасынын мурдагы Президенти, Түркмөнстан Республикасынын Милли Генгешинин Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар катышты.

Жыйынга Бинали Йылдырым жетекчилиги астында ТМУнун Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле түрк кызматташтык уюмдарынын башчылары да катышты.

Катышуучулар кыйратуучу жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондорду бир мүнөт унчукпай эскеришти.

Тараптар кырсыктарга жана өзгөчө кырдаалдарга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерин бириктирүү максатында ТМУга мүчө мамлекеттердин табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук органдарынын кызматташуусун бекемдөө маселелерин талкуулаштып, аймактагы учурдагы көйгөйлөр боюнча кеңешмелерди өткөрүштү.

ТМУ башчылары Саммиттин жыйынтыктоочу документи катары Анкара декларациясына кол коюшту.

ТМУнун 10-Саммити Казакстан Республикасынын Түркстан шаарында өтөт.