ТҮРКПАнын байкоочулары Казакстандын БШК Төрагасы менен жолугушту
2023-жылдын, 17 март

2023-жылдын 17-мартында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Режеп Шекер мырза жетектеген ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Төрагасы Нурлан Абдиров мырза менен жолугушту.

БШКнын Төрагасы алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүүгө карата көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу маалымат берди. Абдиров мырза жаңы шайлоо нормаларына ылайык өтө турган шайлоонун негизги өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, бул контекстте шайлоонун алкагында жакында киргизилген өзгөртүүлөрдү белгилеп кетти. Ал Миссиянын мүчөлөрүнө партиялык тизмелерди жана талапкерлерди каттоо, эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо, ошондой эле төмөнкү шайлоо комиссияларын окутуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Абдиров мырза мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылууга маани берилип жатканын айтып, бул шайлоочуларга зарыл шарттарды түзүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөнүн белгиледи.

Миссия мүчөлөрү БШКга алдыдагы шайлоого баланыштуу даярдык көрүү жана өткөрүү иштерине ийгиликтерди каалашты.