ТҮРКПА ШБМ саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушту
2023-жылдын, 18 март

2023-жылдын 17-18-мартында ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Астана жана Алматы шаарларында кезексиз парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрдү.

Саясий партиялардын расмий өкүлдөрү ТҮРКПАнын байкоочуларына өздөрүнүн шайлоо алдындагы платформалары жана шайлоо алдындагы үгүт иштери тууралуу маалымат беришип, 2023-жылдын 19-мартында өтө турган кезексиз парламенттик шайлоодон күтүүлөрү менен бөлүшүштү.