ТҮРКПА Миссиясы Казакстандагы кезексиз парламенттик шайлоого байкоо жүргүздү
2023-жылдын, 19 март

Шайлоо күнү, 2023-жылдын 19-мартында ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы (ШБМ) жеринде добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн Астана жана Алматы шаарларындагы бир катар шайлоо участкаларында болду. ШБМ добуш берүү процессине шайлоо участоктору ачылгандан баштап добуштарды саноого чейинки бардык этаптарда байкоо жүргүздү. ШБМ мүчөлөрү добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп, шайлоочулар, шайлоо участкаларынын жетекчилери жана жергиликтүү байкоочулар менен баарлашып, жергиликтүү жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью беришти.

20-мартта Миссия өзүнүн байкоосунун алдын ала жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Миссиянын башчысы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Режеп Шекер миссиянын байкоо иштери тууралуу маалымат берди.

Миссия Казакстандагы шайлоого системасындагы олуттуу өзгөрүүлөрдү белгиледи.

ШБМ белгилегендей, Мажилистин депутаттарын шайлоонун жаңы системасы көз карандысыз талапкерлерге бир мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча шайланууга мүмкүнчүлүк түзүп, мажоритардык система боюнча региондордун жана пропорционалдык система боюнча социалдык топтордун өкүлчүлүгүн камсыз кылат. Аялдардын, жаштардын жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын өкүлчүлүгүнө квота берүүнүн ченемдик укуктук базасына келсек, Миссия квота алардын шайлоо процессине жана өлкөнүн саясий турмушуна кеңири катышуусун камсыздай турганын белгиледи.

Миссия шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоону башкаруу органдарынын ишине оң баа берди.

Миссия 2023-жылдын 19-мартында Казакстан Республикасындагы кезексиз парламенттик шайлоо Казакстандын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өттү деген корутунду чыгарды.