ТҮРКПА ШБМ Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту
2023-жылдын, 20 март

2023-жылдын 20-мартында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Режеп Шекер жетектеген ТҮРКПАнын шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы өзүнүн байкоо программасынын алкагында Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Канат Тумыш менен жолугушту.

Тумыш мырза демократиялык шайлоолордун өткөрүлүшүн Казакстандын тарыхындагы маанилүү окуя катары белгилеп, миссиянын мүчөлөрүнө кезексиз парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү процессине активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Тумыш мырза түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул контекстте Казакстандын мындан ары да түрк дүйнөсүндөгү интеграциялык процесстерге салым кошоорун белгиледи.

Өз кезегинде миссиянын мүчөлөрү шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен казак тарабын куттукташты.

Тараптар Ассамблеянын алкагындагы кызматташтык боюнча пикир алмашышты.

Жаңылыктардын тартиптелиши
ТҮРКПА ШБМ Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту
2023-жылдын, 20 март
(Бул баракчадагы жаңылык)