ТҮРКПАнын байкоочулары Алматыда бир катар жолугушуу өткөрүштү
2023-жылдын, 18 март

2023-жылдын 18-мартында Түркиянын Алматыдагы Башкы консулу Али Риза Акынжынын чакыруусу менен ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын мүчөлөрү 2023-жылдын 6-февралында өлкөнүн түштүк аймагында болгон жер титирөө кесепетине байланыштуу Түркияга гуманитардык жардам көрсөткөн казакстандык ыктыярчылардын катышуусунда өткөн жыйынга катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы консул ыктыярчыларга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде ШБМ мүчөсү, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Ибрахим Айдемир да ыктыярчыларга оор мезгилде жардам жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, түрк элдеринин биримдиги жана ынтымагы түрк мамлекеттеринин ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө түрткү берерине ишенимин билдирди.

Ошол эле күнү ШБМ мүчөлөрү Алматы шаарынын Аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) төрайымы Айгүл Калыкова менен жолугушту.

Төрайым байкоочуларга АШКнын шайлоого даярдык көрүү боюнча чаралары тууралуу маалымат берди.

2023-жылдын 20-мартында ТҮРКПАнын байкоочулары Алматы шаарындагы Эл аралык Ахмет Ясави университети жанындагы Евразия изилдөө институтуна барышты.

Институттун директору Суат Бейлур институттун ишмердүүлүгү, ошондой эле алдыдагы долбоорлор тууралуу маалымат берди.

Айдемир мырза институттун ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, Ассамблеянын иши, ошондой эле уюмдун шайлоого байкоо жүргуүү иштери тууралуу айтып берди.