ТҮРКПА менен КК ПТ өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
2023-жылдын, 23 февраль

2023-жылдын 23-февралында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды.

Парламент башчысы ТҮРКПАнын ишмердүүлүгү мүчө мамлекеттердин боордоштук мамилелеринин мындан ары да кеңейишине салым кошуп келе жатканын белгиледи. Ассамблеянын алкагындагы кызматташтыкка Милли Мажлис тарабынан берилген мааниге токтолгон Гафарова айым өткөн мезгилде мүчө парламенттер ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүнө да көңүл бурду.

Милли Мажлистин Төрайымы Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин демилгеси менен түзүлгөн Кошулбоо Кыймылынын Парламенттик Тармагынын (КК ПТ) ишмердүүлүгүнө токтолуп, Парламенттик тармакка эл аралык кызыгуунун өсүп бара жатканын белгиледи. Ал ТҮРКПАнын КК ПТнын инаугуралдык жыйынына жана Баку конференциясына катышуусун жогору баалады.

Башкы катчы Милли Мажлистин Уюмга көңүл буруусу жана көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Катчылыктын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Ал Ассамблея КК ПТ менен кызматташтыкка зор маани берип жатканын баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Милли Мажлистин жана КК ПТнын Төрайымы Сахиба Гафарова менен ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр эки уюмдун ортосундагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.