ТҮРКПА Эл аралык мигранттар күнүнө арналган иш-чарага катышты
2022-жылдын, 16 декабрь

2022-жылдын 16-декабрында Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов Азербайжандын Мамлекеттик миграция кызматы жана Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун Азербайжандагы өкүлчүлүгү биргелешип Эл аралык мигранттар күнүнө карата уюштурган “Азербайжандагы миграция: теңчилик, көп түрдүүлүк жана инклюзивдүүлүк” аттуу иш-чарага катышты.

Иш-чарага Мамлекеттик миграция кызматынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Вүсал Гусейнов сөз сүйлөп жатып, миграцияга байланыштуу негизги маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк түзгөн жыл сайын белгиленүүчү Эл аралык мигранттар күнүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ал ошондой эле миграцияны башкаруу, мигранттарды коомго интеграциялоо, алардын жыргалчылыгы үчүн шарт түзүү, укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча Мамлекеттик миграция кызматы тарабынан аткарылып жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде БУУнун Азербайжандагы Туруктуу координатору Владанка Андреева белгилегендей, 2018-жылы БУУнун Миграция боюнча Глобалдык келишимине биринчилерден болуп кол койгон Азербайжан миграция жаатындагы ишмердүүлүктүн натыйжалуулугу боюнча башкаларга үлгү болуп жатат.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар түрдүү өлкөлөрдүн маданий мурастарынын жана кулинардык азыктарынын, ошондой эле “Азербайжандагы миграция сиздин объективиңизден” аттуу фотоконкурстун катышуучулары тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөлөрү менен таанышты.