ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы Башкы катчыны кабыл алды
2022-жылдын, 23 декабрь

2022-жылдын 23-декабрында ТҮРКПАнын учурдагы Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Төрагасы Нурланбек Шакиев мырза Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды.

Башкы катчы Нурланбек Шакиев мырзаны Жогорку Кеңештин Төрагасы кызматына шайланышы менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Эр мырза Төрагага 2022-жылдын 24-июнунда Чолпон-Ата шаарында өткөн он биринчи пленардык жыйындагы кабыл алынган 2023-2028-жылдарга Стратегиялык жол картасынын жана 2023-жылга иш-чаралар планынын алкагындагы ТҮРКПАнын учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгү, ошондой эле 2023-жылдын 23-25-апрелинде Стамбулда өткөрүлө турган он экинчи пленардык жыйынга даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин Төрагасы боордош түрк мамлекеттеринин ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелердин жана ТҮРКПАнын парламенттик #дипломатия аркылуу аймактагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган туруктуу жана конструктивдүү ишинин маанисин баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле ТҮРКПАнын алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.