ТҮРКПА ПАБдын 145-Ассамблеясына катышты
2022-жылдын, 11 октябрь

Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Руанда Республикасынын Парламенти тарабынан 2022-жылдын 11-15-октябрында Руанданын Кигали шаарында уюштуралган ПАБдын 145-Ассамблеясына жана ага байланыштуу жыйындарга катышты.

ТҮРКПАга мүчө парламенттердин өкүлдөрү дүйнөдөгү парламентарийлердин эң ири жыйынына катышышты.

Жалпы талкуу гендердик теңчиликке жана гендердик жактан сезимтал парламенттерге арналды.

Жыйындын жүрүшүндө, башкаруучулар кеңеши, туруктуу комитеттер, парламентарийлердин адам укуктары жана Жакынкы Чыгыш маселелери боюнча комитеттери, аялдар жана жаш парламентарийлер боюнча форумдар чакырылган.

Ассамблея жалпы талкуунун негизги темасы боюнча жыйнытктоочу документти кабыл алуу менен аяктады.

ТҮРКПА 2010-жылдан бери ПАБдын ишмердүүлүгүнө байкоочу катары катышып келет.