ТҮРКПАнын Эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын экинчи жыйыны
2012-жылдын, 11 декабрь – 2012-жылдын, 12 декабрь
Астана

2012-жылдын 11-12-декабрында Астана шаарында ТҮРКПАнын Эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын экинчи жыйыны болуп өттү.

Казакстандын парламентинин мажилисинде өткөрүлгөн жыйында "Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдөгү Түрк Кеңешинин, ТҮРКПАнын жана ТҮРКСОЙдун орду жана ролу" боюнча отчет жана сунуштама чечими талкууланды.

Комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө Түркия Парламентинин депутаты, Эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын Төрагасынын орун басары Үлкер Гөзелдин жетекчилиги астында, Азербайжан менен Казакстандын депутаттары жана ТҮРКПАнын Эл аралык катчылыгынын кызматкерлери катышуусу менен, комиссия мүчөлөрүнүн докладдары жана сүйлөгөн сөздөрү угулуп, пикир алмашылды.

Ошондой эле Комиссиянын үчүнчү жыйынынын орду, күнү жана күн тартиби аныкталды.