ТҮРКПАнын Эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын үчүнчү жыйыны
2014-жылдын, 15 апрель
Бишкек

ТҮРКПАнын Эл аралык байланыштар боюнча Комиссиясынын үчүнчү жыйыны 2014-жылдын 15-апрелинде Бишкек шаарында болуп өттү. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүсү болду.

Отурумду Комиссиянын төрагасы жана Азербайжан парламентинин мүчөсү Ахлиман Амирасланов мырза алып барды. ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламентарийлери эл аралык уюмдардын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Эл аралык байланыштар Комиссиясынын кезектеги Төртүнчү жыйынын 2014-жылдын экинчи жарымында Түркияда өткөрүү чечими кабыл алынды.