ТҮРКПАнын Укуктук маселелер боюнча Комиссиясынын биринчи жыйыны
2011-жылдын, 19 декабрь – 2011-жылдын, 21 декабрь
Анкара

ТҮРКПАнын Укуктук маселелер боюнча Комиссиясынын биринчи жыйыны 2011-жылдын 19-21-декабрында Түркия Республикасынын борбору Анкара шаарында болуп өттү. Жыйында "ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин Парламенттеринин конституциялык системасында милдеттери жана жоопкерчиликтери жана депутаттардын ролу" боюнча докладдар жана сунуштар топтому талкууланды.

Комиссияда Анкара шаарынын депутаты, Комиссиянын Төрагасы Халук Ипек мырза жетекчилиги астында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын депутаттары жана ТүркПАнын Катчылыгынын кызматкерлери катышты.