ТҮРКПАнын Укуктук маселелер боюнча Комиссиясынын экинчи жыйыны
2012-жылдын, 4 ноябрь – 2012-жылдын, 7 ноябрь
Баку

ТҮРКПАнын Укуктук маселелер боюнча Комиссиясынын экинчи жыйыны 2012-жылдын 4-7-ноябрында Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында болуп өттү. Жыйында "ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин Регламенттери жана депутаттардын ыйгарым укуктары" жана "ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин ортосундагы мыйзам чыгаруу маселелери боюнча кызматташуу" боюнча докладдар жана сунуш чечимдери талкууланды.

Комиссиянын жыйынында Түркия Парламентинин депутаты, Комиссиянын Төрагасы Халук Ипек мырзанын жетекчилиги астында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиядан келген депутаттар жана ТҮРКПАнын Катчылыгынын кызматкерлери катышты. Комиссиянын ишине ТҮРКПАнын Башкы катчысы Рамил Гасанов дагы катышып, комиссия мүчөлөрүнө ТҮРКПАнын Эл аралык катчылыгынын иши жөнүндө маалымат берди. Комиссиянын мүчөлөрү ошондой эле Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрагасынын биринчи орун басары Зияфат Асгаров мырза менен жолугушту.