ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиясынын экинчи жыйыны
2013-жылдын, 5 апрель
Анкара

2013-жылдын 5-апрелинде Анкара шаарында ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын экинчи жыйыны болуп өттү. Комиссиянын экинчи отуруму Түркия парламентинде өттү. Жолугушууда "Жалпы Түрк Терминология Фондусун түзүү боюнча негизги маселелер" боюнча отчет жана сунуштоо чечими талкууланды.

Комиссиянын ишине Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын депутаттары, ТҮРКПАнын Эл аралык катчылыгынын кызматкерлери катышып, комиссия мүчөлөрүнүн докладдары угулуп, тема боюнча пикир алмашылды.

Комиссиянын жыйынында, ушул жылдын июнь айында ТҮРКПАнын Анкара шаарында өтө турган төртүнчү пленардык сессиясында тааныштыруу үчүн Жалпы Түрк Терминология Фондусун түзүү жөнүндө отчет жана келечектеги иш-аракеттер боюнча сунуштар кабыл алынды. Ошол эле учурда, Комиссиянын үчүнчү отурумунун орду, күнү жана күн тартиби аныкталды.

Андан тышкары, мурунку жыйында кабыл алынган Билге Коркут билим берүү программасынын аткарылышы жөнүндө отчетту Комиссиянын Төрагасы Гарифолла Есим мырза тарабынан сунушталды.