ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиясынын үчүнчү жыйыны
2014-жылдын, 15 апрель
Бишкек

2014-жылдын 15-апрелинде Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын үчүнчү жыйыны болуп өттү.

Комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Урмат Аманбаева түрк тилдерин өнүктүрүү боюнча доклад жасады, аны ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн депутаттары жана эксперттери талкуулашты.

Комиссия ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттерине даректелген түрк тилдеринен которуу ыкмалары боюнча ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн айрым билим берүү мекемелеринде билим берүү дисциплинасын колдонуу, бул жаатта кесипкөй котормочуларды даярдоо, Түрк тилдүү мамлекеттердеги акыркы окуялар жөнүндө маалымат берген веб-сайттарды ачуу боюнча сунуштарды кабыл алды.