ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиясынын төртүнчү жыйыны
2014-жылдын, 2 декабрь
Баку

2014-жылдын 2-декабрында Баку шаарында, Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинде Комиссиянын төрагасынын орун басары, Азербайжан Республикасынын Парламентинин мүчөсү Севинж Гусейнованын төрагалыгы астында ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык комиссиясынын төртүнчү жыйыны болуп өттү. Жыйындын күн тартибинин негизги темасы ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы маалымат агымын көбөйтүү болду.

Бодрум шаарында өткөн Түрк Кеңешинин Төртүнчү Саммитинин жүрүшүндө мүчө мамлекеттердин депутаттары Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан көтөрүлүп чыккан Түрк тилдүү мамлекеттердеги маалымат каражаттарын чыңдоо идеясын талкуулашты.

Катышуучулар Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар кандай тармактардагы маалымат алмашуунун учурдагы абалына токтолушуп, өлкөлөрдүн ортосундагы маалыматтын жетишсиздигинен келип чыккан негизги көйгөйлөргө көңүл бурушту. Делегациялар жалпыга маалымдоо каражаттары жаатында ар кандай долбоорлорду ишке ашыруунун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Комиссия мүчөлөрү ТҮРКПАнын алкагында маалымат алмашуу жаатында кызматташууну күчөтүү үчүн белгилүү механизмдерди түзүүнү сунуш кылышты.

Комиссиянын отчетун жана сунуштаманын чечимин 2015-жылы алтынчы пленардык жыйында кабыл алууга бекитилген.

Жыйында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиядан келген делегациялар, ошондой эле Түрк Кеңешинин, ТҮРКСОЙдун, Түрк академиясынын, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер бирлигинин, Ахмед Ясави атындагы Казак-Түрк университетинин жана Манас Кыргыз-Түрк университетинин өкүлдөрү катышты.