ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиясынын алтынчы жыйыны
2018-жылдын, 14 сентябрь
Бишкек

ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын алтынчы жыйыны 2018-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Комиссиянын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шер-Нияздын төрагалыгы астында Бишкек шаарында өттү. Комиссиянын жыйынына чейин Түрк кинолорунун күндөрүнүн ачылыш аземи, ошондой эле эксперттер, маданият министрликтеринин өкүлдөрү, кинорежиссёрлор, улуттук киностудия өкүлдөрү, аниматорлор жана кино талдоочулар үчүн семинар болуп өттү.

Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе "Түрк маданий мурастарынын бир бөлүгү болгон түрк тилдүү мамлекеттердеги кино жана анимация: Мыйзамдар жана практикалык аспектилер" болгон.

Мүчө өлкөлөрдүн депутаттары Түрк тилдүү мамлекеттердин маалымат мейкиндигиндеги кинематография жана анимация маселелерине, ошондой эле бул темадагы улуттук саясатка токтолушуп, бул жаатта улуттук жана көп тараптуу мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча бир катар сунуштарды айтышты. Ошону менен бирге, парламенттердин депутаттары Комиссиянын келечектеги иш-аракеттеринин планын талкуулашты жана кино жана анимация жаатындагы укуктук иштер боюнча сунуштарын беришти.

Жыйында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын делегациялары, ошондой эле Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги, Улуттук киностудиялар, Дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эксперттер жана башка уюмдар катышты.

Отчет жана сунуш боюнча чечим 2018-жылдын ноябрь айында Түркияда өтө турган сегизинчи пленардык жыйында кабыл алынуусу үчүн Комиссия тарабынан бекитилген.