ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиясынын жетинчи жыйыны
2019-жылдын, 16 май
Анкара

2019-жылдын 16-майында ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиясынын жетинчи жыйыны Анкара шаарында Түркия Улуу Улуттук Жыйыны тарабынан өткөрүлдү. Жыйындын негизги темасы “БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагындагы гендердик маселелер, ТүркПАга мүчө өлкөлөрдөгү заманбап үй-бүлөлөрдүн маданий иденттүүлүгү (мыйзамдарда перспективалар) болду”.

Мүчө өлкөлөрдүн депутаттары жана эксперттери, мүчө өлкөлөрдүн Анкарада аккредиттелген дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү жана башка коноктор чогулган жыйынды Комиссиянын төрагасынын орун басары жана Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин (Парламентинин) мүчөсү Севинж Гусейнова алып барды.

Катышуучулар үй-бүлөнү жана үй-бүлөлүк экономиканы ар кандай коомдун өзөгү катары чыңдоо, анын ичинде, коомдун позитивдүү маданий иденттүүлүгүн сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жетектөөчү күчү катары гендердик теңчиликтин маанилүүлүгүн баса белгилеп, БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында гендердик маселелерине байланыштуу, Түрк тилдүү өлкөлөрдөгү үй-бүлөлүк баалуулуктарга жана маданий иденттүүлүккө токтолуп, улуттук мыйзамдардагы перспективаларды жана улуттук саясаттын маселелерин талкуулап, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык, маалымат алмашуу жана биргелешкен иш-чаралар боюнча пикир алмашышты.

2019-жылы Азербайжанда өтүүчү ТҮРКПАнын тогузунчу пленардык сессиясына сунуштоо үчүн, Комиссия бул темага байланыштуу отчетун жана сунуштамасын бекитти.

Жыйындын аягында үй-бүлө сүрөтү тартылды.