ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиясынын тогузунчу жыйыны
2022-жылдын, 22 апрель
Баку

2022-жылдын 22-апрелинде Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлиси тарабынан уюштурулган Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиянын тогузунчу жыйыны болуп өттү. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе “ТҮРКПА өлкөлөрүндө социалдык ишкердикти колдоо” болду.

Мүчө-өлкөлөрдүн парламентарийлери, эксперттери жана парламенттеринин, тиешелүү министрликтеринин жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле ТҮРКПАнын Катчылыгынын өкүлдөрү катышкан жыйын Комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөсү Айбек Осмонов мырзанын төрагалыгы астында өткөрүлдү.

Катышуучулар ТҮРКПА регионунда социалдык ишкердикти өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, бул коомдук институтту туруктуу өсүштүн жана экономикалык өнүгүүнүн маанилүү элементи катары өнүктүрүү боюнча иш-чараларды камсыз кылууда мүчө парламенттердин ролун белгилешти. Катышуучулар ошондой эле тиешелүү чөйрөдө мүчө-өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарын жакындатуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.

Комиссия талкуу өткөрүп, 2022-жылдын 23-24-июнунда Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында болуп өтө турган ТҮРКПАнын Он биринчи пленардык жыйынында сунуштала турган отчетту жана сунуштамаларды, ошондой эле Комиссиянын алкагында иштелип чыккан “Социалдык ишкердикти өнүктүрүү жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоорун бекитти.

Мындан тышкары, Комиссия 2028-жылга чейин узак мөөнөттүү мезгилге карата жыйындарынын темаларын жана моделдик мыйзамдардын аталыштарын бекитти.