ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын онунчу жыйыны
2023-жылдын, 20 апрель
Oнлайн жыйын

2023-жылдын 20-апрелинде Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилиси тарабынан уюштурулган “ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык потенциалынын интеграциясы: жаңы реалдуулукта келечектеги транспорттук каркас” деген темада Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын онунчу отуруму онлайн форматта болуп өттү.

Жыйынды Комиссиянын Төрагасынын милдетин аткаруучу, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты Анас Баккожаев алып барды.

Комиссиянын мүчөлөрү күн тартибиндеги маселелерди талкуулап, жыйындын негизги темасы боюнча пикир алмашышты.

Катышуучулар ТҮРКПА чөлкөмүндө транспорттук жана логистикалык багыттарды өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, туруктуу өсүү жана экономикалык өнүгүү сыяктуу маанилүү элементтердин иштешин камсыз кылуу үчүн мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык потенциалын интеграциялоодо мүчө парламенттер ойной ала турган ролуна токтолушту.

Комиссиянын жыйынынын темасы боюнча атайын чакырылган коноктор катары ТРАСЕКАнын Өкмөттөр аралык комиссиясынын Туруктуу катчылыгынын Башкы катчысы Асет Асавбаев жана "Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту" эл аралык ассоциациясынын Башкы катчысы Гайдар Абдикеримов сөз сүйлөштү.

Комиссия негизги маселе боюнча отчетун жана сунуштамаларды, ошондой эле 2023-жылдын 28-апрелинде Түркиянын Анкара шаарында болуп өтө турган ТҮРКПАнын Он экинчи пленардык отурумунда сунуштала турган "Санариптик финансылык активдер жөнүндө" моделдик мыйзамдын долбоорун талкуулап, жактырды.

Комиссия кезектеги отурумун 2024-жылы Кыргызстанда өткөрүү чечимин жана Комиссиянын 2024-жылга карата иш планынын алкагында 2023-2028-жылдарга стратегиялык жол картасында белгиленген моделдик мыйзамга кошумча "Жүгүртүүгө чыгарылган продукциянын коопсуздугунун жана сапатынын негиздери жөнүндө" моделдик мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алды.