ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын секизинчи жыйыны
2023-жылдын, 6 март
Баку

2023-жылдын 6-мартында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлиси тарабынан Баку шаарында ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын сегизинчи жыйыны болуп өтүп, иш-чарага мүчө мамлекеттердин парламентарийлери жана эксперттери катышты.

Жыйындын күн тартибинин негизги маселеси “ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдө биотүрдүүлүктү коргоо” болду.

Иш-чарага Милли Мажлис Төрайымынын биринчи орун басары Али Хусейнли мырза катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Иш-чарада Комиссиянын Төрагасы Ахлиман Амирасланов мырза, Төраганын орун басары жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Режеп Шекер мырза, Баш катчы Мехмет Сүрейя Эр мырза, комиссиянын башка мүчөлөрү жана эксперттер сөз сүйлөштү.

Жыйынды Комиссиянын Төрагасы, Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Саламаттыкты сактоо комитетинин Төрагасы Ахлиман Амирасланов мырза алып барды. Амирасланов мырза өз сөзүндө уюмга мүчө мамлекеттер арасында биотүрдүүлүктү жана экосистемаларды коргоо жаатында кызматташтыктын жана мыйзамдарды өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал тиешелүү мыйзамдык базаны өркүндөтүү аркылуу мүчө мамлекеттердин бай биотүрдүүлүгүн коргоо жана илимдин жетишкендиктеринен минималдуу тобокелчилик менен пайдалануу зарылдыгын белгиледи.

Комиссиянын Төрагасынын орун басары Режеп Шекер мырза, Комиссиянын Төрагасы Ахлиман Амирасланов мырза жана Милли Мажлистин Социалдык маселелер боюнча мыйзам чыгаруу бөлүмүнүн башчысы Адил Валиев мырза сунуштаган отчет, сунуштамалар жана “Репродуктивдүү ден соолукту коргоо жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоору комиссия тарабынан жактырылды.

Документтер 2023-жылдын апрель айында Түркияда өтө турган ТҮРКПАнын Он экинчи пленардык отурумунда сунушталат.