ТҮРКПАнын Экономикалык, соода жана каржы маселелери боюнча комиссиясынын үчүнчү жыйыны
2014-жылдын, 11 февраль
Баку

2014-жылдын 11-февралында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинде ТҮРКПАнын Экономикалык, соода жана каржы иштери боюнча комиссиясынын үчүнчү жыйыны болуп өттү. "Түрк тилдүү мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгында транспорттук коммуникациялардын ролу" жыйындын негизги темасы болду. Жыйынды ТҮРКПАнын Экономика, соода жана каржы боюнча Комиссиясынын Төрагасынын орун басары, Азербайжан парламентинин депутаты Севинж Гусейнова жетектеди. Жыйында ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламентарийлери Түрк тилдүү мамлекеттердин транспорт жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү маселесин талкуулашты. Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрагасынын биринчи орун басары Зияфат Асгаров мырза катышуучулар менен саламдашып, Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы транспорт жаатындагы кызматташтыктын маанилүү ролун баса белгиледи. Зияфат Асгаров мырза айрыкча энергетика тармагында ири транспорттук долбоорлордун өнүктүрүлүүсүн жалпы экономикалык кызматташтыктын ачкычы экендигин белгиледи. Асгаров мырза ошондой эле Шахдениз-2 долбооруна кол коюунун келечекте Азербайжандан жана Борбор Азиядан Европага газ жеткирүүдө маанилүү роль ойной тургандыгын белгиледи. Бул Түрк дүйнөсү дүйнөлүк транспорт картасында алдыңкы күчкө айланат дегенди билдирет.

Комиссиянын күн тартибиндеги негизги тема боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдырахман Маматалиев мырза баяндама жасап, мүчө өлкөлөрдүн транспорт жаатында кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Маматалиев мырза транспорттун 95% автоунааларга туура келгенин белгиледи.

Казакстандын Парламентинин депутаты Сарсенбай Енсегенов мырза Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин Казакстандын транспорттук жана транзиттик потенциалын толук пайдалануу зарылдыгын баса белгилеген элге кайрылуусу жөнүндө маалымат берди. Казакстан Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө шарт түзгөн Батыш Кытай жана Батыш Европа эл аралык автомобиль жолу долбоорунун казак бөлүгүн , ошондой эле 1200 километрдик Борбордук Казакстан жана Батыш Казакстан темир жол өтмөгүн ишке киргизгени жатат. Энсегенов мырза ошондой эле жакынкы келечекте өлкөлөрдүн ортосундагы транспорттун агымы көбөйгөн сайын ТҮРКПАнын бул жаатта жаңы мыйзамдуу моделдерди кабыл алышы керектигин белгиледи.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Махмуд Мүжахит Фындыклы мырза, Түрк Кеңеши жана ТҮРКПА түзүлгөндөн бери Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын өнүгүп келе жаткандыгын баса белгиледи. Фындыклы мырза ошондой эле мындай адистештирилген кызматташтык мүчө өлкөлөрдүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы тыгыз байланыштын сакталышына өбөлгө түзөрүн белгиледи. Түркиялык депутат транспорт жаатындагы тоскоолдуктарды жоюу аймактагы соода жана туризмдин өнүгүшүнө автоматтык түрдө түрткү берерин белгиледи.

Жыйынга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Гисмет Гөзалов катышып, катышуучуларга Түрк кеңешинин алкагындагы Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы транспорт жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө маалымат берди.

Гөзалов мырза Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда транспорттук чөйрөдө жагымдуу мүмкүнчүлүктөр бар экендигин, анткени Түрк дүйнөсү Тарыхый Жибек Жолунун негизги бөлүгү экендигин жана бул каттамды калыбына келтирүү дүйнөлүк транспорттук күн тартибиндеги артыкчылыктуу маселе экендигин баса белгиледи.

Жыйын жүрүшүндө "Экономикалык кызматташтыкта транспорттук коммуникациянлардын ролу" боюнча отчет талкууланып, төрт өлкөнүн парламенттерине жана өкмөттөрүнө жолдонгон сунуштама бекитилди.

Комиссиянын кезектеги төртүнчү жыйыны 2014-жылдын экинчи жарымында Казакстанда өткөрүү чечими кабыл алынды. Жыйында жерде мүчө өлкөлөрдөгү энергетика тармагын өнүктүрүү жана өлкөлөр ортосундагы энергетика чөйрөсүндө кызматташуу маселелери талкууланат.