ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын бешинчи жыйыны
2017-жылдын, 7 декабрь
Бишкек

2017-жылдын 7-декабрында Бишкекте ТҮРКПАнын жетинчи пленардык жыйынынын алкагында ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын бешинчи жыйыны болуп өттү. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе “Мүчө өлкөлөрдөгү экономикалык диверсификация” болду.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Салайдин Айдаров жетектеди.

Жолугушууга Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Хасан Карал мырза, Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин мүчөлөрү Ильхам Алиев жана Агалар Валиев мырзалар, Казакстан Республикасынын Парламентинин депутаты Берик Оспанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыбек Райымкулов катышты. Салайдин Айдаров мырза ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдө экономиканы диверсификациялоо боюнча отчету менен чыгып сүйлөдү жана сунушун берди.

Айдаров мырза 2017-жылдын 8-декабрында ТҮРКПАнын жетинчи пленардык жыйынында ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын Төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Комиссия мүчөлөрү дүйнөдө экономикасын диверсификациялоону көздөгөн көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр бар экендигин белгилешти.

Комиссиянын кезектеги алтынчы жыйынын 2018-жылдын октябрь айында Түркияда болуп өтөт.