ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын жетинчи жыйыны
2022-жылдын, 11 май
Анкара

2022-жылдын 11-майында Анкарада ТҮРКПАнын Айлана чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын 7-жыйыны Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын кабыл алуусунда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын парламентарийлеринин катышуусунда болуп өттү. Жыйындын күн тартибинин негизги маселеси “ТҮРКПАга мүчө мамлекеттерде саламаттыкты сактоо системаларын гармонизациялоо” болду.

Жыйынды Комиссиянын Төрагасы, Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Саламаттыкты сактоо комитетинин Төрагасы Ахлиман Амирасланов мырза алып барды. Амирасланов мырза өз сөзүндө бул маселенин уюмга мүчө мамлекеттер үчүн маанисин баса белгиледи. Төрага ТҮРКПАга мүчө-мамлекеттер тең укуктуулуктун жана өз ара пайданын негизинде жана өз өлкөлөрүнүн мыйзамдарына ылайык саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө ниеттенип жатышканын белгиледи. Ал белгилегендей, бул контекстте Комиссия үчүн бул маселе боюнча учурдагы кырдаалды изилдөө, мыйзамдардагы учурдагы кемчиликтерди талдоо жана мүчө мамлекеттердин арасында оң тажрыйбалар жана алдыңкы практика менен бөлүшүү өтө маанилүү болгон.

Парламентарийлер уюмга мүчө мамлекеттердин саламаттыкты сактоо системалары боюнча кызматташуу потенциалын талкуулап, мындай маселелерди чечүү механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти.

Комиссиянын Төрагасынын орун басары, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Режеп Шекер мырза менен Комиссиянын Төрагасы Ахлиман Амирасланов мырзанын баяндамалары жана сунуштамалары Комиссия тарабынан жактырылды. Документтер 2022-жылдын 23-24-июнунда Кыргыз Республикасында болуп өтө турган ТҮРКПАнын Он биринчи пленардык жыйынында сунушталат.