ТҮРКПАнын Айлана-чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын төртүнчү жыйыны
2018-жылдын, 14 сентябрь
Бишкек

ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын төртүнчү жыйыны 2018-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын депутаттарынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан өткөрүлдү. Жолугушуунун күн тартибиндеги негизги маселе “Гендик-модификацияланган организмдердин жайылышынын таасири” болду.

Жолугушууну ТҮРКПАнын Айлана чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча Комиссиясынын жана Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Саламаттык сактоо комитетинин төрагасы Ахлиман Амирасланов мырза алып барды. Ачылыш сөзүндө мырза Амирасланов 2018-жылдын 16-апрелинде Стамбул шаарында өткөн "Гендик-модификацияланган организмдер (ГМО): мыйзамдар жана тажрыйба" семинарынын маанилүүлүгүн баса белгиледи, анда катышуучу өлкөлөрдүн эксперттери маселе жана улуттук деңгээлде жасалган иштер боюнча кеңири маалымат беришти.

Ошондой эле, Төрага ТҮРКПАга мүчө өлкөлөр бай биологиялык ар түрдүүлүгү менен айырмаланып тургандыгын, аларды укуктук базаны өркүндөтүү менен коргоо жана илимдин жетишкендиктерин минималдуу риск менен пайдалануу керектигин белгиледи.

Амирасланов мырза белгилегендей, ушул өңүттөн алганда, Комиссия үчүн ушул маселе боюнча учурдагы кырдаалды иликтөө, мыйзамдардагы орун алган кемчиликтерди талдоо жана мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы оң тажрыйба менен бөлүшүү маанилүү.

Парламентарийлер ГМО чөйрөсүндө мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун потенциалын талкуулашты жана мындай курч маселелер боюнча көзөмөлдөө механизмдерин көбөйтүү керектигин белгилешти.

Комиссия Комиссиянын Төрагасынын орун басары жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Режеп Шекер жана Комиссиянын төрагасы Ахлиман Амирасланов мырза тарабынан берилген отчетту жана сунуштамаларды, ошондой эле Комиссиянын катчысы Эмин Гасанов тарабынан сунушталган Стамбул семинарынын акыркы жыйынтыктарын жактырды. Документтер 2018-жылы ноябрь айында Түркияда өтө турган ТҮРКПАнын сегизинчи пленардык сунушталат.