ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын жетинчи жыйыны
2019-жылдын, 8 апрель
Баку

2019-жылдын 8-апрелинде Азербайжан Республикасынын Милли Мажлиси (Парламент) тарабынан өткөрулгөн ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын жетинчи жыйынына мүчө өлкөлөрдүн парламентарийлери менен эксперттери чогулган.

Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе “Биргелешкен технологияны өнүктүрүү: ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн илимий жана ишкер чөйрөлөрүнүн ар тараптуу кызматташуусу” болду.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты жана ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын Төрагасынын орун басары Салайдин Айдаров жетектеген.

Катышуучулар мүчө өлкөлөрдө инновация чөйрөсүндө мыйзамдык базасын өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн, мүчө өлкөлөрдүн инновациялык агенттиктеринин ортосундагы өз ара кызматташууну мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, ошондой эле жаш ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, илимий мекемелердин кызматкерлери үчүн квалификациясын жогорулатуу жана жаңы технологияларды колдонуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Комиссия отчетун жана маселе боюнча чечимди 2019-жылда Азербайжанда өтө турган ТҮРКПАнын тогузунчу пленардык жыйынына сунуштоого макулдук берди.

Ошондой эле, Комиссиянын жыйынынын алкагында ТҮРКПАнын 10 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.