ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык Комиссиясынын сегизинчи жыйыны
2021-жылдын, 20 сентябрь
Онлайн жыйын

2021-жылдын 20-сентябрында Экономикалык кызматташтык боюнча Комиссиянын сегизинчи жыйыны виртуалдуу форматта өттү. Иш-чарада Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында Комиссиянын Төрагасы жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин мүчөсү Амерхан Рахимжанов мырза төрагалыкты тутту. Жыйындын негизги темасы “Жашыл экономиканы”, инновацияларды жана санариптештирүүнү мыйзамдык колдоо тажрыйбасы” болду.

Комиссия отчетту жана сунуштамаларды, ошондой эле 2021-жылдын 27-28-сентябрында Казакстандын Түркстан шаарында өткөрүлө турган ТҮРКПАнын онунчу пленардык жыйынына сунуштала турган “Электрондук коммерция жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоорлорун жактырды.