Saturday, 11 July 2020, 21:22:53 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Кеңешинин жыйынында ТҮРКПАга төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өттү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун, Азербайжан Республикасынын Улуттук Межлисинин Төрагасы Октай Асадовдун, Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахрамандын, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасынын орун басары Гүлмира Исимбаеванын жана ТүркПАнын Башкы катчысы Жандос Асановдун катышуусунда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин жыйыны өттү.

ТүркПА Кеңешинин жыйыны Ассамблеянын төрагалыгы Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасына өткөрүү салтанаты болду.

КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ТүркПАга төрагалык кылуу мезгилиндеги жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн казак кесиптешине ыраазычылык билдирди. Ал: “Кыргыз тараптан парламенттер аралык кызматташтык менен парламенттер аралык диалогду өнүктүрүүгө баардык күч-аракеттер жумшалат”,- деп кесиптештерин ишендирип өттү. Жогорку Кеңештин Төрагасы түрк тилдүү мамлекеттердин бир туугандык мамилесин бекемдөө зарылдыгын баса белгилеп, Кыргызстандын төрагалыгы мезгилинде ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн өз ара карым-катышы жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарына үмүт артаарын билдирди.

Өз кезегинде аталган Кеңештин катышуучулары Кыргызстандын ТүркПАга төрагалык кылуу ишине ийгиликтерди каалашты.

Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы (ТүркПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарынын Долмабахча сарайында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент башчылар тарабынан кол коюлган Макулдашуусуна ылайык Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы түзүлгѳн.