Saturday, 11 July 2020, 22:05:51 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент жетекчилери "Ата-Бейитке"гүлчамбар коюшту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) 7-пленардык отурумуна катышуу үчүн келген делегация башчылары менен мүчөлөрү "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, гүл чамбар коюшту.

Иш-чарага Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман, Азербайжан Республикасынын Улуттук Межлисинин Төрагасы Октай Асадов, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасынын орун басары Гүлмира Исимбаева, Венгрия Мамлекеттик Жыйынын Төрагасынын орун басары Иштван Якоб, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасынын орун басары Нариман Умаров катышты.

Белгилей кетсек, Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы (ТүркПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарынын Долмабахча сарайында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент башчылар тарабынан кол коюлган Макулдашуусуна ылайык Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы түзүлгѳн.