Saturday, 11 July 2020, 22:06:43 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Жогорку Кеӊешн Төрагасы Д. Жумабеков Түркия жана Азербайжандын парламент спикерлери менен кызматташтык тууралуу баарлашты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман жана Азербайжан Милли Межлисинин Төрагасы Октай Асадов менен жолугушуп, өлкөлөр ортосундагы кызматташтык мамилелердин келечеги жаатында пикир алышты. Иш-чара Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) 7-пленардык жыйынынын алкагында өттү.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Кыргызстанга Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын VII пленардык жыйынына катышуу үчүн келген кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

Түркия менен Азербайжандын парламенттеринин спикерлери Дастанбек Жумабековду Жогорку Кеӊештин Төрагалыгына шайланышы менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалашты. Түркия парламентинин Төрагасы Исмаил Кахраман «Жакында эле Кыргызстандын эли таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүп, өлкөнүн Президентин шайлады. Кыргызстан демократиялык жолдо баратат, түрк тарап мындан ары да боордош кыргыз эли менен кызматташа берүүгө даяр», - деп, эки өлкө билим берүү, маданият, экономика жана соода жагында ийгиликтүү кызматташып жатканын, Кыргызстанда түрк маданий борборун ачуу планы бар экенин, бул багытта көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Төрага Дастанбек Жумабеков ал сунуш эске алына турганын айтты. «Жалпы тарыхый жана маданий баалуулуктарга таянган Кыргызстан менен Түркия стратегиялык мүнөздөгү өнөктөш өлкөлөрдүн катарына кирет. Ошондуктан, экономикалык кызматташтык эки тараптуу кыргыз-түрк мамилелеринин артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналат», - дейт кыргыз парламентинин спикери.

Ал эми Жогорку Кеӊештин Төрагасы Азербайжан парламентинин спикери менен болгон жолугушууда эки элдин теги бир экенин, Азербайжан менен Кыргызстан парламенттеринин башкы милдеринин бири боордоштук мамилелерди чыӊдоо аркылуу ата-баба мурастары менен баалуулуктарын сактап, аларды андан ары өөрчүтүү менен, келечек муунга өткөрүп берүү болуп саналат», - деди Дастанбек Жумабеков.

Ал эми Октай Асадов болсо, Азербайжан делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазылыгын айтып, ТүрПАга төрагалык кылуу милдетин өткөрүп алышы менен куттуктады. «ТүркПАнын бул жолку жыйынына өзбек парламентинин делегациясы да катышып жатканы өтө кубанычтуу. Мында кыргыз парламентинин салымы бар. Азербайжан өз ара алакаларга таянуу аркылуу эки жана көп тараптуу кызматташтык мамилелерди андан ары арттырууга өзгөчө маани берет», - деди ал.

Белгилей кетсек, Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы (ТүркПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарынын Долмабахча сарайында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент башчылар тарабынан кол коюлган Макулдашуусуна ылайык Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы түзүлгѳн.