Saturday, 11 July 2020, 22:05:00 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Д.Жумабеков Венгрия Мамлекеттик Жыйынын төрагасынын орун басары И. Якобду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Венгрия Мамлекеттик Жыйынын төрагасынын орун басары Иштван Якобду кабыл алды. Иш-чара Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) 7-пленардык жыйынынын алкагында өттү.

ТүркПАнын 7-пленардык жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн келген венгрия делегациясына ыраазычылык билдирген Жогорку Кеңеш Төрагасы тараптардын жемиштүү алакасы кеңейе турганынан үмүт артарын кошумчалады. “Бардык багыттагы жигердүү кызматташтык Кыргызстан менен Венгриянын өнүгүшү үчүн өтө маанилүү”, – деди Дастанбек Жумабеков.

Өз кезегинде Венгрия Мамлекеттик Жыйынын төрагасынын орун басары Иштван Якоб ТүрПАнын жыйынына байкоочу катары чакырылгандыктары үчүн ыраазычылык билдирип: “Венгрия Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөшү катары билет жана биздин мамлекеттер аралык байланыштарыбыз тереңдерине ишенем”, – деди.

Жолугушуунун соңунда Иштван Якоб Дастанбек Жумабековду Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, Венгрияга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы (ТүркПА) 2008-жылдын 21-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарынын Долмабахча сарайында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент башчылар тарабынан кол коюлган Макулдашуусуна ылайык Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы түзүлгѳн.