Friday, 12 August 2022, 15:27:11 — Baku (UTC+4)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПАнын Миссиясы Казакстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасы менен жолугушту

2022-жылдын 3-июнунда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Режеп Шекер мырза баштаган Азербайжан, Кыргызстан жана Түркиянын парламентарийлери, ошондой эле ТҮРКПАнын Катчылыгынын өкүлдөрүнөн турган ТҮРКПАнын Референдумга байкоо жүргүзүү миссиясы өзүнүн Казакстандагы ишмердигин баштады.

Миссия ТҮРКПАнын Төрагасы, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов мырза менен жолугушту.

Парламент башчысы жолугушуу өлкө үчүн чечүүчү тарыхый мезгилдин алдында өтүп жатканын белгиледи. Кошанов мырза референдумга эл аралык байкоо жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ТҮРКПА Миссиясына референдумдун жүрүшүндө жүргүзгөн иш-чаралары үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Миссиянын мүчөлөрү конституциялык реформалардын өлкөнүн мындан аркы өнүгүшүнө түрткү берип, боордош Казакстан эли жана бүткүл түрк дүйнөсү үчүн оң өзгөрүүлөрдүн пайдубалын түзөөрүнө ишенимин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ассамблеянын алкагындагы парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча пикир алмашышты.