Friday, 12 August 2022, 16:34:27 — Baku (UTC+4)
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясы

Аял парламентарийлер тобу алгачкы жыйынын өткөрдү

2022-жылдын 2-июнунда Казакстандын Нур-Султан шаарында Экинчи эл аралык “ECOJER” Конгрессинин алкагында «ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдөгү туруктуу өнүгүү саясатындагы гендердик мүмкүнчүлүктөр» аттуу ТҮРКПАнын Аял Парламентарийлер тобунун биринчи жыйыны болуп өттү. Жыйынды ТҮРКПА, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилиси жана “ECOJER” ассоциациясы биргелешип уюштурушкан.

ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын жана Сенатынын мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун жана бейөкүмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Жыйын Топтун жетекчиси, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин мүчөсү Лаззат Рамазанова айымдын ачылыш сөзү менен башталды.

Ачылыш аземинен кийин катышуучулар гендердик маселелер боюнча талкуунун контекстинде Топтун маанилүүлүгүн баса белгилеп, тема боюнча сөз сүйлөштү.

“ECOJER” Конгрессинин пленардык жыйынынын жүрүшүндө сыйлыктарды тапшыруу аземи уюштурулуп, Топтун жыйынынын бардык спикерлери талкууга кошкон салымы үчүн сыйланышты.