Monday, 17 January 2022, 02:54:32 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА жана Казакстандын Биринчи Президентинин китепканасы кызматташтык Меморандумуна кол коюшту

2021-жылдын 23-ноябрында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырза жетектеген делегация Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Элбашынын китепканасынын директору Бакытжан Темирболат мырза менен жолугушту.

Башкы катчы Биринчи Президент Нурсултан Назарбаевдин Түрк дүйнөсүн бекемдөөгө кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгилеп, билим, илим, тарых жана маданияттын борбору болгон китепкана менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тараптар бири-бирине жүргүзүп жаткан иш-чаралары боюнча маалымат берип, келечектеги биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында Элбашы китепканасы менен ТҮРКПАнын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумуна кол коюлду.

Бакытжан Темирболат мырза Түрк элдеринин ортосундагы маданият жаатындагы байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган Меморандумга кол коюу маанилүү символикалык окуя болгонун баса белгиледи.

ТҮРКПА делегациясы ошондой эле Казакстан Республикасынын Биринчи Президентинин китепканасынын музейи менен да танышты.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар