Monday, 17 January 2022, 01:50:47 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Башкы катчы Түрк академиясынын Президенти менен жолугушту

2021-жылдын 23-ноябрында ТУРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр мырза Түрк академиясынын Президенти Дархан Кыдырали мырза менен жолугушту.

Башкы катчы академиянын жаңы имараты жана Түрк элдеринин байыркы археологиялык баалуу табылгалары жайгашкан музейи менен таанышты.

Мехмет Сүрейя Эр мырза Түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоочу факторлордун бири катары Түрк академиясынын маанилүү ролун баса белгиледи.

Тараптар тиешелүү тармактарда өз ара кызматташуу жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар