Monday, 17 January 2022, 02:08:30 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА менен АКИУ Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумуна кол коюшту

2021-жылдын 22-ноябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жана Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун Башкы директору Йерлан Байдаулет эки уюмдун ортосундагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумуна кол коюшту.

Тараптар бири-бирине уюмдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан негизги ишмердүүлугү жана иш-чаралар жөнүндө маалымат беришип, тиешелүү чөйрөлөрдө өз ара кызматташуунун потенциалын белгилеп, кызматташтыктын көлөмүн аныктаган жана келечектеги биргелешкен иш-чараларды ишке ашырууга көмөктөшө турган Меморандумдун маанисин баса белгилешти.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар