Monday, 17 January 2022, 02:36:57 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Парламенттин Төрайымы Башкы катчыны кабыл алды

2021-жылдын 19-ноябрында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова айым ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр мырзаны кабыл алды.

Сахиба Гафарова айым Мехмет Сүрейя Эр мырзаны Башкы катчы кызматына киришүүсү менен куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Башкы катчы жылуу меймандостугу жана ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүнө Милли Мажлистин көрсөткөн колдоосу үчүн Катчылыктын атынан ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ассамблеянын учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашышты.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар