Monday, 17 January 2022, 02:38:45 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Стамбулда Түрк Кеңешинин Сегизинчи Саммити болуп өттү

ТҮРКПАнын Башкы катчысы 2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарында «Санариптик доордо жашыл технологиялар жана акылдуу шаарлар» деген темада болуп өткөн Түрк Кеңешинин Сегизинчи Саммитине катышты.

Саммитте Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстан Республикасынын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан жана Түрк Кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев сөз сүйлөдү.

Жыйында Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы соода мамилелерин жеңилдетүүнүн маанилүүлүгү талкууланды.

Саммитте Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин атын “Түрк мамлекеттер уюму» деп өзгөртүү, Түркмөнстанга уюмда байкоочу статусун берүү, “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040” документин кабыл алуу, Түрк инвестициялык фондун түзүү, Уюмда Өнөктөш статусун жаратуу, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин Уюмунун Ардактуу Төрагасы жөнүндө жобону кабыл алуу.

Саммит мамлекет башчыларынын Түрк Кеңешинин Сегизинчи Саммитинин Стамбул декларациясына кол коюусу менен жыйынтыкталды.

Саммиттин алкагында мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусунда Түрк Кеңешинин Катчылыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземи да болуп өттү.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар