Monday, 17 January 2022, 02:06:07 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынына катышты

ТҮРКПАнын Башкы катчысы 2021-жылдын 11-ноябрында Стамбул шаарында Түрк Кеңешинин 8-Саммитинин алкагында өткөн Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынына катышышты.

Жыйынга Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин, ошондой эле Түркмөнстандын, Венгриянын Тышкы иштер министрлери жана Түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилери катышты. Жыйында Азербайжан тарабы төрагалыкты Түркия Республикасына өткөрүп берди.

Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр өз сөзүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына туш келген 8-Саммитин боордош мүчө-өлкөлөрдүн биримдигин жана кызматташтыгын чыңдоо жагынан маанилүү окуя катары белгиледи. Башкы катчы Ассамблеянын учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ТҮРКПАнын Түрк кызматташтыгынын парламенттик өлчөмү катары өз милдеттерин аткарууга чечкиндүүлүгүн ырастады.

Министрлер күн тартиби боюнча тиешелүү документтерди жана 12-ноябрда өткөрүлө турган мамлекет башчыларынын саммити учурунда кол коюла турган саммиттин Декларациясын макулдаштырышты.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар