Wednesday, 19 January 2022, 17:02:27 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

ТҮРКПА “44 күндүк Жеңиш жолу” конференциясына катышты

2021-жылдын 5-ноябрында ТҮРКПА Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен АДА Университети биргелешип уюштурган Жеңиш күнүнө арналган конференцияга жана көргөзмөгө катышты. Конференциянын аталышы “44 күндүк Жеңиш жолу”.

Иш чарага мамлекеттик өкүлдөр, Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, ошондой эле дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары жана өкүлдөрү катышышты.

Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Джейхун Байрамов мырза, Азербайжан Республикасынын Президентинин жардамчысы, Президенттин Аппаратынын Тышкы саясат маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Хикмат Хаджиев мырза, АДА Университетинин ректору Хафиз Пашаев мырза, Патриоттук согуштун ветераны Васиф Дилаверзаде мырза, Алтынбаш Университетинин ректору жана Түркия Президентинин Тышкы саясий жана коопсуздук Комитетинин мүчөсү Проф. Д-р Чагры Эрхан мырза, “Улуттук коргоо журналынын” башкы редактору, аскердик эксперт Игорь Коротченко мырза конференциянын панелинде сөз сүйлөштү.

Конференция шейиттердин жаркын элесине арналган видео-презентация жана “Карабах оккупацияга чейинки, учурунда жана бошотулгандан кийинки бир жыл” аттуу фото көргөзмө менен аяктады.

Учурдагы ТҮРКПАга Төрагалык
ТҮРКПАнын учурдагы Тѳрагасы
Алдыдагы иш чаралар